Кудайга жакындаткан – курмандыктар көп болсун!
Долбоордун максаты – курмандык чала алчулар менен курмандык этине муктаж болгондордун ортосунда көпүрө болуу! Курман Айтка карата жыл сайын “Курмандык” долбоорун жүргүзүп келебиз. Анын алкагында, ак көңүл жана берешен мусулман бир туугандар Фонд аркылуу курмандык чалышып, курмандык этинин бир бөлүгүн муктаждар үчүн тапшырышат. Айрым берешен ага-эжелер курмандык үчүн атайын 2 мал союшуп, бирин толугу менен муктаждарга таратып берүү үчүн ыйгарышат.
Фонд аркылуу курмандык чалууну каалагандар үчүн, Фонд тарабынан мал союла турчу таза жана ыңгайлуу жай, курмандыкка жарай турчу мал-жандыктар, бардык адептерди сактоо менен соё турчу касапчылар жана курман чалуу жана анын этинин бир бөлүгүн муктаждарга таратууга көмөктөшүү үчүн өкүл сунушталат. Ал өкүл – Фонддун кызматкери болуп саналат жана ал аманаттарды так аткарып, курмандыкты Фонддун атайын тизмесине каттап, жардам берүүчүгө отчёт, тастыктама берет.
Автордук укук @ 2023 «Алтын Уя» коомдук фонду. Бардык укуктар корголгон.