Кыргызстанда Алтын Уя коомдук фонду тарабынан уюштурулган сүннөткө отургузуу аземинде Түркиядан келген волонтер дарыгер Муса мырза «Буюрса, бул жерде милдетибизди аткарсак, 15 күндөй болуп, анан агаларыбыз менен жолугабыз. Кыргызстан абдан кооз өлкө. Бул жердеги бир туугандарыбыз түрк элин аябай жакшы көрүшөт» деп өз сезимдерин билдирди.