Рамазан – берешендиктин, теңдиктин, айкөлдүктүн жана ыйманды бекемдөөнүн айы!
Жакшы салтка айлангандай эле “Алтын Уя” Коомду Фонду быйыл да “Берекелүү Рамазан” долбоорун ийгиликтүү ишке ашырды.
Бул долбоордун алкагында быйыл өлкөбүздүн 7 облусу боюнча Фонддун камкордугуна алынган 15тен ашык балдар мекемелерине, 100дөй аз камсыз үй-бүлөлөргө жана «Көзү азиздер жана дүлөйлөр» коомуна өзгөчө көңүл бурулду.
Тактап айтканда, Ыйык Орозонун урматына алар үчүн ооз ачаарлар уюштурулуп, берекелүү дасторкондор жайылды. Муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүккө толгон жакшылык кутучалары жана окуучуларга кийим-кече, окуу куралдар жана окуучулардын жылдык керектөөлөрүнө жарай турчу белектер таратылды.
Учурдан пайдаланып, “Берекелүү Рамаза” долбооруна катышып, келечек ээлери үчүн айкөлдүк менен жакшылык жасаган, муктаждардын пайдасына салым кошкон ар бир байке-эжеге терең ыраазычылык билдиребиз!
Эске салсак, “Берекелүү Рамазан” долбоорунун максаты – берешендиктин айында муктаждарга жардам берүүнү, балдарды кубантууну каалагандар менен материалдык колдоого муктаж болгондордун ортосунда көпүрө болуу.
Сиздерди айлардын султаны болгон Рамазан айында кайрадан көрүүгө, биргелешкен аракеттер менен жакшылык жасоого чексиз кубанычта болобуз!