04Сен

СИЗДЕРДИН БЕЛЕК – БАЛДАРДЫН КУБАНЫЧЫ!

Аманатыңыздар аткарылды!  

Белек – көңүлдүн ачкычы, маанайдын жакшысы!


“ОКУУЧУНУ КУБАНДЫР!” кайрымдуулук акциясы

Быйыл бул акциянын алкагында, өлкөбүздүн 7 облусу боюнча Фонддун камкордугуна алынган 15тен ашык балдар мекемелеринде таалим-тарбия алган балдарга, 150дөн ашык социалдык жактан колдоого муктаж үй-бүлөлөрдөгү балдарга кубаныч тартууланды.

 

 

Тактап айтканда, “Берекелүү Рамазан” долбоорунун алкагында фитр-садака, зекеттер топтолуп, ал каражат толугу менен илим алган балдарды жана аз камсыз үй-бүлөдөгү балдарды белектер менен кубантууга жумшалды.

1000ден ашык илим алган балдар үчүн ооз ачаарлар (сухур/ифтар) уюштурулду, 200дөн ашык окуучуларга кийим-кече, окуу куралдар берилди жана балдар мекемелеринин жылдык керектөөлөрүнө жарай турчу тиричилик оокаттары, зарыл буюм-тайымдар, азык-түлүктөр алынды.

 

 

Учурдан пайдаланып, “Окуучуну кубандыр!” кайрымдуулук акциясына активдүү катышып, өз атынан жүрөгү ыйманга толгон балдарга белек арнап, алардын муктаждыгын чечип, жүгүн жеңилдеткен ар бир камкор байке-эжебизге терең ыраазычылык билдиребиз!

Эске, салсак бул акция үзгүлтүксүз негизде өтүп келет, андыктан келечек ээлерин белек менен кубантууну каалаган байке-эжелер, уюмдар же жамааттарды бирге жакшылык үчүн кызматташууга чакырабыз!

Жооп калтырыңыз