Сообу сизге, эти бизге тийсин!
Жакшы салтка айлангандай эле “Алтын Уя” Коомду Фонду быйыл да “Курмандык” долбоорун ийгиликтүү ишке ашырды.
Бул долбоордун алкагында быйыл 200дөй кой жана 5 бодо мал союлду. Бул мал-жандыктарды ак көңүл байке-эжелерибиз фонд аркылуу Аллах ыраазычылыгы жана муктаждардын пайдасы үчүн курман чалышты.
Бул долбоордун алкагында быйыл 200дөй кой жана 5 бодо мал союлду. Бул мал-жандыктарды ак көңүл байке-эжелерибиз фонд аркылуу Аллах ыраазычылыгы жана муктаждардын пайдасы үчүн курман чалышты.
Курмандык этине азык-түлүктөр кошулуп, алар Фонддун камкордугуна алынган, кыз-балдар тарбияланып жаткан 5 мекемеге, «Көзү азиздер жана дүлөйлөр» коомуна жана 30га жакын аз камсыз үй-бүлөлөргө таратылды.
Белгилей кетчү нерсе, фонд аркылуу курмандыкты Курман Айтта гана эмес, башка бардык учурларда чалдыра аласыз. Мисалы, кан чыгаруу, түлөө берүү, куран окутуу, шыпаа тилөө, шүгүр келтирүү максатында напил курмандык чалдырсаңыз болот. Ошондой эле жаңы төрөлгөн бала үчүн Аллах Таалага шүгүр кылуу максатында, баланын атынан акыйка курмандыгын чалдыра аласыз.
Эң башкысы, “Алтын Уя” Коомду Фонду аркылуу курмандыктын бардык түрүн, жылдын каалаган учурунда чалдыруу мүмкүн. Ал үчүн фонддо мал-жандык, атайын жай, касапчы жана этти сизге, бир бөлүгүн муктаждарга таратып берчү кызматкерлер бар.
Учурдан пайдаланып, “Курмандык 2024” долбооруна катышып, курман чалган ар бир байке-эжеге терең ыраазычылык билдиребиз. Жана ниети бар байке-эжелерди өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн атынан же дос, кесиптештери менен биргеликте курман чалдырып, соопчулук иш жасоого, Аллахка жакындоого чакырабыз!
Максатыбыз – курмандык чала турчу адамдар менен курмандык этине зар болгондордун ортосунда көпүрө болуу.