Рамазан – ыйманды бекемдөөнүн жана берешендиктин айы!
Долбоордун максаты – орозо кармоого ниети бар болсо да, тамак-аш жагынан шарты жок болгондорго жана аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам берүү. Ыйык Орозого карата жыл сайын “Берекелүү Рамазан” долбоорун жүргүзүп келебиз. Анын алкагында, ак көңүл жана берешен мусулман бир туугандар Фонд аркылуу муктаждар үчүн ооз ачаар (ифтар) жана ооз жабууларды (сухур) уюштурууга салым кошушат. Мындан тышкары, каалоочулар өз битр-садака жана зекеттерин Фонд аркылуу муктаждарга тапшырышат. Рамазан айында берилген ар бир жардам Фонддун атайын тизмесине катталат жана жардам ээсине отчёт, тастыктама берилет.
Автордук укук @ 2023 «Алтын Уя» коомдук фонду. Бардык укуктар корголгон.