Окуубаган бала калбасын!
Долбоордун максаты – “Алтын Уя” балдар үйлөрүндөгү окууга аракети жана каалоосу чоң балдардын билим алуусуна көмөк көрсөтүү. Кыргызстан боюнча 15тей балдар жана кыздар мекемелери бар. Жалпысынан ал мекемелерде 1000ден ашык балдар илим, билим жана тарбия алып, жашашат. Фонд кайрымдуу жана берешен байке-эжелердин материалдык колдоосу менен ал мекемелердеги тарбиялануучуларды окуу куралдары, кийим-кече, тамак-аш, жатакана менен камсыздап келет.
Башка долбоорлордон айырмаланып, “Мен да окууну каалайм” долбоору жыл бою тынымсыз жүргүзүлөт, айрыкча жаңы окуу жылынын алдында күч алат. Мындан тышкары, долбоордун алкагында, аз камсыз үй-бүлөдөгү балдарга да жогоруда айтылган жардамдар берилип турат. “Мен да окууну каалайм” долбоору жүрөгү таза окуучу балдарды пайдалуу белектер менен кубантуу үчүн – эң жакшы долбоор экенин эске салабыз. Бул долбоорго колдоо көрсөткөн ар бир жардам ээсине Фонд тарабынан отчёт жана тастыктама берилет.
Автордук укук @ 2023 «Алтын Уя» коомдук фонду. Бардык укуктар корголгон.