Ооба, балалыгым кечээ эле өткөн күндөй эсимде. Күз айлары болсо керек. Мен 6-7 жаштагы акылы толо элек, кара тору баламын. Иним болсо 4-5 жашта. Анын эч нерседен кабары жок.
Бир күнү алыскы бир тайкем бизди шаарга алып жөнөдү. Шаарга дегенинен аябай сүйүнүп бара жатабыз, бирок бизди алдыда кандай жашоо, кандай сыноо күтүп турганынан кабарыбыз да жок. Бара турган жерибизге да жеттик. Толтура мен курактуу жана менден 1-2 жашка чоң балдар жапырт чуркап ойноп-күлүп жүрүшөт. Бир чети таң калсам, бир жагынан алардын жыргап жүргөнүн көрүп, бала жаным заматта ошолорго кошулуп ойногум келип кетти. Бир убакта мекеменин ичинен сүрдүү киши бизди тосуп алып ичине алып кирди. Тайкем менен мекеменин кызматкери бир топко кобурашып сүйлөшүп жатты. А мен болсо кээ бир сөздөргө кулагым чалынып, бир аз түшүнүп жаттым. Тема биз иним экөөбүздү ошол мекемеге калтыруу жөнүндө болуп жатты. Бир аз убакыт өткөндөн кийин биз көтөрүп келген сумкаларыбыз менен ошол мекемеге жайгаша турган болдук. Көрсө, бизди тайкем боорукерлер үйүнө калтырып кеткен экен.
Жаңы жашоо башталды. Мекеменин ичиндеги балдар тарбиячыларга «устаз» деп кайрылат экен. Балдарга болгон мамиле аябай сонун экен. Тез эле балдарга аралашып бир туугандай болуп, иним экөөбүз үчүн жашоонун жаңы барагы ачылгандай болду. Баягы айылдагы кыйналган оор күндөр күн санап унутулуп баштады.А дегенде эле мени тарбиячы устазым мектепке орноштуруп, билим алуум үчүн алгачкы кадамым башталды.
Мектептин башталышына саналуу гана күндөр калды. Короодо ойноп жүргөн жеримден устазым чакырып, жакында окуу башталарын айтып, жанына отургузуп, акырын көзүнүн кыры менен колумдун тырмагына көз салды. Ойноп жүргөн балдардан суранып, тырмак алгыч алдыртты да «кел иним колуңдун тырмагын алалы» деди да ыңгайлуу отурду. А мен болсо дароо айылда жүргөндө жеңемдин бизге жасаган катаал мамилесин эстеп денем титирей түштү. Анткени жеңем биздин тырмагыбыз өскөндө тырмак алгыч менен же кайчы менен алуунун ордуна, үйдүн астындагы цемент, асфальт жолго сүртүп салчу. А мен колумду коркпостон устазыма узаттым да тырмагымды толук алып бүткөнчө карап турдум. Устазым аябай акырындык менен жанымды оорутпай сонун кылып алып берди. А мен дароо көзүмө жаш алып, ыйлап жибердим. Мындай мамиле катып калган жүрөгүмдү кадимкидей жылытты окшойт. Ушинтип жакшы адамдардын, жакшы балдардын курчоосунда жашоом улана баштады. Башыбыздан кандай гана сонун, кандай гана жыргал күндөр өттү. Кээде отуруп атам-энемдин колунда чоңойсом кандай болор эле деген ойго батам. Бирок мен жашаган жер бул дүйнөдөгү бейиш сыяктуу сонун жер эле. Ар бир өткөн күндөрүбүз жаңы окуяларга бай, өтө кызыктуу эле. Анын баарын эстей турган болсок, сонун бир китеп болчудай…..
Уйкудан турган өңдүү чала бойдон
Сагыныч катып калган жара бойдон
Мендеги пенделикти силкип таштап
Мен бүгүн калгым келди бала бойдон
Көторүп күлкү толгон баштыгымды
Күн санап сезем сенден пастыгымды
Жүрөктүн түпкүрүнө катып койдум
Жоголуп кете турган жаштыгымды
Арадан жылдар өттү, биз зыңкыйган жигиттерге айландык. Тарбиялуу, билимдүү досторумдун катарында мен да билим алууну чечтим. Мектепти бүткөн соң ар ким мүмкүнчүлүгүнө карап ар кандай окуу жайларга тапшыра турган учур келди. А биздин ишенгенибиз, таянаарыбыз же атабыз десем да жаңылбайм кайрадан эле устазыбыз. Устазым ошол учурда «Алтын Уя» коомдук фондунда эмгектенип жаткан. Мени чакырып, фонддун атайын жаштарды колдоо максатында иштеген долбоору бар экенин айтып, билим алышыма жардам берерин айтты. Ошентип мен да өзүм кыялданып жүргөн кесибимдин ээси болуусу үчүн Түркия мамлекетине барып билим алууну чечтим. Азыр чейин «Алтын Уя» коомдук фондунун жардамы менен билим алууну улантып жатам. Буюрса келечекте окуумду аяктарым менен мыкты адис болуп мекениме кызмат кылам деген таза ниеттерим бар.