1. Биз кимбиз?
«Алтын Уя» коомдук кайрымдуулук фонду (ИНН: 02711202010186, каттоо күнү: 27.11.2020). Биздин расмий сайтыбыз: https://altynuya.org.
2. Жеке маалыматтардын купуялуулугу
Биз сайттын колдонуучуларынын, ыктыярчылардын жана кайрымдуулук кылуучулардын жеке маалыматтарын (аты-жөнү, телефон номери, электрондук почтасы ж.б.) жогорку жоопкерчилик менен сактайбыз. Бул маалыматтар кайрымдуулук отчетторун жөнөтүү жана байланышуу максатында гана колдонулат.
3. Маалыматтарды үчүнчү жактарга бербөө
Сиздин маалыматтарыңыз эч кандай шартта коммерциялык же башка максаттарда үчүнчү жактарга сатылбайт жана берилбейт. Бардык иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.
4. Байланыш
Купуялуулук саясаты боюнча суроолоруңуз болсо, биздин идаралык кеңсебизге кайрылыңыз: Бишкек ш., Мичурин көч., 80. Электрондук почта: altynuya@altynuya.org, телефон: +996 (777) 377 736.
