Кайрымдуулук кылуу

Аманат жана жоопкерчилик

Финансылык ачыктык жана коомдук көзөмөл

«Алтын Уя» коомдук фондуна ишенип берилген ар бир сом — аманат. Биз каражаттардын максаттуу, так жана ачык пайдаланылышына өзгөчө көңүл бурабыз. Фонддун каржылык жана чарбалык ишмердүүлүгү Уюштуруучулардын жалпы чогулушунда жана Текшерүү комиссиясында бекитилет. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, фонд жылдык ишмердүүлүгү жана каржылык киреше-чыгашалары тууралуу расмий отчетторду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана Мамлекеттик салык кызматына өз убагында тапшырып турат.

«Жылуу жакшылык» долбоорунун көргөзмө плакаттары

Көзөмөл чынжыры

Ар бир жардам үй-бүлөгө кантип жетет жана текшерилет?

Кайрымдуулук каражаты кабыл алынган учурдан тартып муктаж баланын же үй-бүлөнүн колуна тийгенге чейинки бардык баскычтар документтештирилет. Банктык которуулар, сатып алуу дүмүрчөктөрү жана тапшыруу актылары бухгалтердик системада сакталат.

Комиссиялык иликтөө

Муктаждык жеке божомол менен эмес, айыл өкмөтү, мектеп жана фонддун талаа комиссиясынын жериндеги текшерүүсү менен аныкталат.

Максаттуу бөлүштүрүү

Зекет, курмандык, мектеп топтому, көмүр же суу кудугу каражаттары өз-өзүнчө эсепке алынып, тандалган багытка гана жумшалат.

Документ, сүрөт жана видео

Ар бир тапшыруу сүрөт жана видео менен тастыкталат; курмандыкта жана суу кудуктарында кайрымдуулук кылуучуга жеке видео-отчет жиберилет.

Документтер жана реестр

Жылдык отчеттор жана расмий каттоо маалыматы

Жылдык жана финансылык отчеттор даярдалууда. Документтер даяр болгон сайын ушул бөлүмгө PDF түрүндө жүктөлөт. Азырынча жарыялана элек отчет же кошумча маалымат керек болсо, бизге электрондук почта же WhatsApp (+996 773 444 499) аркылуу кайрыла аласыз. Кайрымдуулуктарды кабыл алуу, кайтаруу жана купуялуулук шарттары global.altynuya.org сайтында жайгашкан.

  • Каттоо номери: 193921-3301-ОФ · ИНН: 02711202010186 · ОКПО: 30952301
  • Катталган датасы: 27.11.2020 · Кайра катталган: 02.09.2024 (Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгы)
  • Жылдык каржылык отчеттор (киреше жана чыгаша): даяр болгон сайын PDF түрүндө жарыяланат
  • Жылдык ишмердүүлүк отчеттору: даяр болгон сайын PDF түрүндө жарыяланат