Кайрымдуулук кылуу

Ачык маалымат

Фонд, кайрымдуулук жана ыктыярчылык тууралуу суроолор

«Алтын Уя» коомдук фондунун ким экени, иш принциптери, кайрымдуулук тартиби жана балдардын коопсуздугун коргоо эрежелери боюнча эң көп берилген суроолорду ушул жерге топтодук. Кошумча сурооңуз болсо, бизге жазыңыз.

«Алтын Уя» — Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде расмий катталган, киреше табууну көздөбөгөн көз карандысыз коомдук фонд (каттоо № 193921-3301-ОФ, ИНН 02711202010186, ОКПО 30952301). Тамыры 2009-жылы түптөлгөн «Алтын Уя» Ырайым үйүнө (Боорукерлер үйүнө) барып такалат; фонд катары 27.11.2020-жылы катталып, 02.09.2024-жылы кайра каттоодон өткөн.

Башкы кеңсебиз: Бишкек шаары, Свердлов району, Мичурин көчөсү, 80. Юридикалык дарегибиз: Чүй облусу, Аламүдүн району, Кара-Жыгач айылы, Яковенко көчөсү, 43/1. Ал эми балдар жашап окуган Ырайым үйү Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында жайгашкан.

altynuya.org — фонддун ишмердүүлүгүн, тарыхын жана талаа окуяларын Кыргызстанда тааныштыруучу расмий маалымат сайты. Ал эми кайрымдуулук төлөмдөрү жана долбоор тандоо барагы global.altynuya.org сайтында иштейт.

Сайттагы «Колдоо көрсөтүү» же «Кайрымдуулук кылуу» баскычын басуу менен global.altynuya.org сайтындагы кайрымдуулук барагына өтөсүз. Ал жерден өзүңүз каалаган багытты (Мектеп топтому, Окуучуга камкордук, Береке кутусу, Кышкы көмүр, Курмандык же Суу кудугу) жана сумманы сом менен тандай аласыз.

Тапшырган каражатыңыз өзүңүз тандаган кайрымдуулук багытына гана жумшалат. Зекет каражаттары башка чыгымдарга аралаштырылбай, өзүнчө эсепте кармалып, муктаж үй-бүлөлөргө жана окуучуларга түз жеткирилет. Кайрымдуулук шарттары жана кайтаруу тартиби global.altynuya.org сайтындагы эрежелерде толук жазылган.

Ооба. Сом (KGS) эсебибиз «Кайрымдуулук кылуу» бетинде жарыяланган («Оптима Банк» ААК, эсеп: 1092407555410128, БИК: 109024, алуучу: «Алтын Уя» коомдук фонду). Ошондой эле Optima, KICB, MBank жана Demir Bank мобилдик тиркемелериндеги расмий QR-коддор же WhatsApp (+996 773 444 499) аркылуу кайрылсаңыз болот.

Фонддун ишмердүүлүгү Уюштуруучулардын жалпы чогулушу жана Текшерүү комиссиясы тарабынан көзөмөлдөнөт, ошондой эле Юстиция министрлигине жана Мамлекеттик салык кызматына расмий отчеттор тапшырылат. Жылдык жана финансылык отчеттор даяр болгон сайын «Отчеттор» бөлүмүнө PDF түрүндө жүктөлөт; суроолор үчүн [email protected] же [email protected] дарегине жазсаңыз болот.

Бул программа ар жылы август-сентябрь айларында өткөрүлөт. Биз балдарды кезекке тизип стандарттуу куту карматпайбыз: спорт залдарында жарманке стенддери курулуп, ар бир бала өз өлчөмүнө жана жаккан түсүнө жараша мектеп формасын, бут кийимин, баштыгын жана бир жылдык окуу куралдарын өзү тандап алат.

Суу кудуктары Кыргызстанда эмес, суу тартыштыгы курч болгон Пакистан жана Африка аймактарында ачылат. Пакистанда мектептерге алты бурчтуу, мечит-медреселерге шадырван кудуктар, ал эми Пакистан менен Африканын айыл аянттарына электрсиз иштеген кол насостуу кудуктар курулат. Жер кыртышы изилденип, 40 метрден 120 метрге чейин бургулоо жүргүзүлөт. Адатта 2–3 айда бүткөн кудукка кайрымдуулук кылуучунун ысымы жазылган такта коюлуп, ачылыш видеосу, сүрөттөрү жана орду жөнөтүлөт.

Ыктыярчы болуу үчүн балдарга болгон мээрим жана убакыт жетиштүү; «Ыктыярчы болуу» же «Байланыш» бетиндеги форманы толтуруп же WhatsApp аркылуу жаза аласыз. Ал эми Новопокровкадагы Ырайым үйүнө балдардын коопсуздугу жана тынчтыгы үчүн алдын ала макулдашуу жана уруксат менен гана барууга болот.

Балдардын кадыр-баркы жана коопсуздугу биз үчүн баарынан жогору. Балдардын сүрөтү ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу менен, баланы кемсинтпеген табигый шартта гана жарыяланат. Ырайым үйүнүн жана жардам алган үй-бүлөлөрдүн так дареги, балдардын аты-жөнү эч качан ачык жарыяланбайт.